13:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда 204 мектептин курулушу башталды

Кыргызстанда 501 имараттын курулушу башталды, анын ичинен 204ү мектеп. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал көп жылдан бери эскирип турган мектептердин, балдар бакчалардын, маданият үйлөрүнүн, спорт объектилери, таза суу жана административдик имараттардын курулуштары жүрүп жатканын белгиледи.

Чиновниктин берген маалыматына ылайык, курулуш тармагындагы өсүү темпи 11,2 пайызды түзөт.

«Быйыл жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилди. Жыл аягына чейин 100 билим уясынын имараты бүтүрүлөт. Республика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 миллион 552 миң чарчы метрди түзөт...», — деп жазды ал.

Дайырбек Орунбеков чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөр кайра башынан курулуп, быйыл баткендиктерге 420 жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар