18:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектеги № 1 гимназия-интернаты № 71 мектеп менен бириктирилет

Бүгүн Бишкектеги № 1 гимназия-интернатында мугалимдер жана окуучулар пикетке чыгышты. Окуучулар мектептин мугалимдеринин иш ордунда калышын жана окуу жайга келген комиссиянын кетишин талап кылышты.

Мугалимдердин айтымында, аларга 14-майга чейин кызматтан кетүү талабы коюлду.

«Бизди алгач бир жумада кеткиле дешти. Кийин гана 14-майга чейин убакыт берилди. Биз быйылкы окуу жылды бүтүрүп анан кетели деп сунуштап жатабыз. Балдар менен ата-энелер дагы азыркы мугалимдер менен окуу жылын аяктоону суранышууда. Төрт күндөн бери мектепте комиссия жана милиция жүрөт. Сүйлөгөн мугалимди эле суракка сүйрөшөт», — дейт алар.

Бишкек шаардык мэриясынын билдирүүсүндө, № 1 мектеп-интернатты Тоголок Молдо атындагы № 71 мектеп-интернатка кошулуп, Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси түзүлөт.

«Учурда гимназия-интернаттын мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга Бишкектеги башка мектептерден жумуш сунушталып жатат», — дейт мэрия.

Эң көп окулган жаңылыктар