01:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-мартта атайын рейддин жүрүшүндө Ленин райондук соту тарабынан издөөдө жүргөн 47 жаштагы К.К. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турганы маалым болду.

Кармалган жаран Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар