07:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Буудай талааларынын аянты 28 миң гектарга чейин кыскарат

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда буудай талааларынын аянты 28 миң гектарга чейин кыскарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Айтымында, дыйкандар пайдасыз өсүмдүктөрдү себүүнү кыскартып, экспорттого ылайыктуу болгон өсүмдүктөрдүн аянтын кеңейтүүдө. Бул жылы тамеки, кызылча жана көп жылдык чөптөрдүн аянты кеңейтилет.

«Бул жылы айыл чарбада 11 алдыңкы багыттар аныкталды. Анын арасында сүт, эт, жүн, малина, пахта, карагат бар. Өзбекстан менен 100 миң тонна минералдык жер семирткичтерди ташып келүү тууралуу макулдашууга кол коюлду», -деди Кубатбек Боронов.

Күйүүчү майлоочу май менен камсыз болуу 52 пайызды түзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар