19:34
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кеңеш. Салык декларациясын тапшыруучулар жана жолдору

Салык декларациясы — бул киреше чыгашалар жөнүндө маалымат. Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактардан, саясый, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден милдеттүү түрдө декларацияны топтоп келген.

Эми физикалык жактар дагы декларациясы тапшырышы шарт. Алар кимдер жана киреше-чыгашалары тууралуу кантип маалымат бериши тууралуу 24.kg агенттиги багыттама сунуштайт.

1

Салык декларациясын баардык жарандар тапшырышы керекпи?

— Унаасы, үйү, батири, жер тилкеси, дыйкан чарбасы, багы бар юридикалык жак катары катталбаган физикалык жактар тапшырат.

Мында Кыргызстандын жарандары гана эмес, өлкө аймагында жашаган жана жогорку талаптарга жооп берген чет элдик жарандар дагы милдеттүү.

2

Декларациясын тапшыруунун акыркы мөөнөтү качан?

— 1-апрелге чейин 2018-жылдагы экономикалык ишмердигиңиз боюнча маалыматтар толук берилиши шарт.

3

Экономикалык ишмердик деген эмне?

— Экономикалык ишмердик:

— банкта акча сактоо;

— балуу кагаздарга ээлик кылуу, сатуу;

— Ишкердик катары эсептелбеген баардык ишмердик.

- Пенсия, стипендия, жөлөк пул, алимент, утуш жана башка акчалай сыйлыктар жана кирешелер кирет.

4

Декларациянын жөнөкөй жаранга эмне пайдасы бар?

- Жөнөкөй жаран декларация тапшырып, өзүнө кандайдыр бир жеңилдиктерди алса болот. Анткени ал киши ал үчүн салыкты төлөп койгон бирөөгө иштейт. Ал өзүнүн төлөмдөрүн көрсөтүп, кошумча чегерүүлөрдү алса болот. Мисалы, социалдык чегерүү.

5

Декларация кандай суроолор берилет?

Өзүңүз боюнча маалыматтан сырткары, кирешелер жана чыгашаларыңыз тууралуу маалымат бересиз. Андан сырткары, эгер чегерүү алууну кааласаңыз, анда төлөмдөрдүн далилдеген чектер керектелет.

6

Декларацияны кантип толтурат?

Декларацияны салык кызматынын бөлүмдөрүнө келип, ошол жерде толтура аласыз. Болбосо салык кызматынын сайтынан онлайн толтуруп кое аласыз. Же чыгарып алып,толтуруп тапшырсаңыз да болот.

Эң көп окулган жаңылыктар