13:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө катуу турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана жок

Ысык-Көлдө катуу турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана жок. Бул тууралуу «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана «КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угууда айтылды.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаев Ысык-Көл кылаасынын жаратылышы менен экологиясын коргоо боюнча келип түшкөн кайрылуулардан улам, Ысык-Көл биосфералык аймагында полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору иштелип чыкканын айтты.

«Андан тышкары, таңгактоочу материалдардын жаңы өндүрүшүнө колдоо көрсөтүү, жаратылышка зыян келтирбеген материалдарды өндүрүү технологиясын өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүүдө», — деди ал.

Баяндамачы пластик мунайзатты кайра иштетүү өнүмү болгондуктан, чиригенде коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарын, чирүү жүрүмү 50 жылдан 500 жылга чейинки убакытты талап кыларын белгиледи.

«Ысык-Көл облусунун аймагында 83 таштанды жайлары жайгашкан, анын ичинде 24ү санкциаланган жана 58и санкциаланган эмес. Алардын жалпы аянты 49,35 га. Ысык-Көлдө катуу турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана жок», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар