17:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мекендештер. Ош базарынан Малайзиянын алдынкы компанияларына чейинки жол

Айгүл Акималиева Малайзиянын Куала-Лупмур шаарында консалтинг компаниянын директорунун орун басары болуп иштейт. Ал жети жыл мурда практика өтөө үчүн барып, иштеп калды.

Талыкпаган эмгектин арты менен ийгиликтерге жетишкен Айгүл Акималиева чет жердеги турмушу, иши тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды
Фото Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды

— Малайзияга барып дароо эле ийгиликтерге оңой жете албасаңыз керек. Бул тармакка кантип келип калдыңыз?

— Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулуп өскөнмүн. Кийин Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайдын фельдшер-акушердик бөлүмүндө билим алып жүргөндө турмушка чыгып, окуумду уланта албай калдым. Ортодо кыздуу болуп, ал чоңоюп калганда Бишкектеги Агрардык университеттин экономика факультетине тапшырып, жогорку билимдин ээси болдум.

Турмушка чыккан жылдары айылда жумуш жоктугуна байланыштуу, эл катары соода-сатык кылып баштадым. Жолдошум экөөбүз борбор калаага келип жашылча-жемиш сатып бутка турдук. Ошол кезде эл уктап жатканда катуу иштегем десем болот. Таңкы саат 5те туруп сатыла турган жашылчанын мөөнөтү өтүп кетпесин деп жанталашып сатууга аракет кылчумун. Антпесе соолуп жараксыз болуп калмак.

Ысык-суукка карабай түнкү саат 12ге чейин иштечүмүн. Күнүнө 19 саат иштеген эмгегимдин акыбети кайтты.

Учурда «ONG» компаниясында директордун орун басары болуп иштеп жатам. Мында компаниянын негизги иши нефть тармагында долбоорлорду түзөт. Менин жумушум жергиликтүү компаниялардын арасынан контракт түзүү боюнча өнөктөш издөө болуп саналат. 

Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды
Фото Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды

Албетте, буга оңой-олтоң жеткен жокмун. 7 жыл мурда Малайзияга жолдошум менен эс алууга келип кеткенбиз. Малайзияны жактырып, тобокелге салып эле кеткенбиз.

Кийин бул жакта экономикалык билимимди тереңдетүү үчүн 2 жылдык курста окудум. Аны аяктаган соң азыркы иштеп жаткан компанияга практика өтөө үчүн кирип, тажрыйба топтодум. Ошентип жогору кызматка көтөрүлдүм. Учурда жолдошум жана кызым бул жакта. Кызым жергиликтүү жогорку окуу жайда эл аралык байланыш факультетинде билим алууда.

— Сиз иштеген компанияда сизден башка кыргызстандыктар барбы?

— Жок, башка кыргызстандыктар жок. Бул жактын мыйзамы боюнча ири компанияларда негизинен жергиликтүү эл иштешет, мында 80 пайызы малайлар.

— Кыргыздарда тууган-урук, тааныш-билиш аркылуу иш бүтүргөндөр бар, сизге дагы «кыргыз экенбиз жумушка орноштур» деп сурангандар болобу?

— Ооба болот, мекендештерден дагы ишке тарткан учурларыбыз болду. Бирок, тил билбестиктен кыйналып, ишин да так аткара албай, кайра кетип калышты.

— Тилге маани беришсе, сиз дагы малай тилин өздөштүрө алдыңызбы?

— Малай тилин жакшы өздөштүрө элекмин, 30 пайыз билем. Англис тилинде эркин сүйлөм.

Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды
Фото Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды

— Кыргыз-Малайзия биримдигинин президенти экенсиз, жетекчи катары эмне кызмат аткарасыз?

— Биздин биримдик элчилик менен чогуу иштейбиз. Элчиликтерге кандай жардам керек болсо, ар дайым жардам берип турабыз. Ар кандай иш-чаралардын уюштуруу иштерине катышабыз.

— Сиз жашаган шаарда кыргызстандыктар көп элеби?

— Так санын айта албайм, анткени убактылуу келип иштеп кеткендер бар. Негизинен билим алууга келген жаштар көп. Алар окуу менен иштешет дагы. Студенттер көбүнчө Малайзияга келген орус, украин, казак туристтерине гид болуп эмгектенишет. 

Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды
Фото Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды

— Малайзиянын климатына, элине көнүп деле калсаңыздар керек, кандай өзгөчөлүктөрү бар?

— Мында эки гана мезгил бар, климаты нымдуу, жаанчыл, же аябай ысык болот.

Малайзия 3 улуттуу өлкө. Анткен менен жергиликтүү тилди баары билишет.

Мусулман калк болгондуктан жамынып, чачтарын көргөзбөй, узун кийинишет. Негизи малайлар адамгерчиликтүү, пейили кенен калк.

Бул жакта мамлекеттик жумуштарда, бийлик ээлери болуп малайлар иштейт. Бизнести кытайлар ээлеп алышкан. Ушунчалык ынтымактуу жашашат. Сыйды биринчи орунга койгон, элди ызаттаган калк экен. 

Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды
Фото Айгүл Акималиеванын жеке архивинен алынды

— Тамак аштарына көнүп калдыңызбы? Кыргыздардын улуттук тамак-аштарынан айырмалары кандай экен?

— Алгач мында келгенде тамактарына көнө албай койдум, көрсө биздикине окшогон тамак-аштары деле бар экен. Мен туура эмес тандап алчу экенмин. Бул жакта негизинен күрүч менен балык көп жешет. Биздин кадимки палоого окшош мусаллама деген тамагы бар. Тамактарды кой, уй жана тоок эттери менен кылышат.

Жер-жемиштин түрү бар, болгону Малайзияда жемиштердин ханы деп аталган дуриан жемишин жей алган жокмун. Ал таттуу болгону менен жыты сасыган жумуртканын жытындай.

Ошондой эле баардык жаныбарлардын түрүн кездештире аласың. Мында чиркейлер аркылуу тарай турган вирустук инфекциялар бар. Уусу менен кишини өлтүрүп кое турган чиркейлер бар. Мындан улам, ооруканага барып сөзсүз эмделип туруу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар