19:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кеңеш. Зомбулукка кабылган баланын ата-энесинин алты кадамы

Жан дүйнөсү таза жаш балдар айланадагылардын баарына бирдей мамиле жасап, ишенчээк келет. Так мына ушундан улам, алар жагымсыз жагдайлардан жана караөзгөй адамдардан коргоо муктаж. Бирок, ошол эле учурда баланын жакшылыкка жана жакшы адамдарга ишенимин жоготуп албоо зарыл.

Элдик үй-бүлөлүк медициналык клиникасынын психологу Сейил Калдыбаева жана үй-бүлөлүк кеңешчи Айсаада Иманканова 24.kg агенттигине зомбулукка кабылган баланын ата-энесине кеңеш берет.

1

Кол салынган балага ата-эне кантип жардам бере алат?

— Бала өзүнө оору алып келген окуяны кайра-кайра эстебеши үчүн аны алаксытуу зарыл. Баары ордуна келгенче баланы жалгыз эч жакка чыгарбаганыңыз оң. Дарыгердин жардамы керек болсо, мүмкүн болчо үйгө чакырган дагы оң. Бул албетте оор жаракат жана ооруканага жатуу керек болбогон учурда.

2

Окуя тууралуу жарыялоонун зарылдыгы жок

— Баланын көзүнчө болуп өткөн окуя тууралуу нааразыланып, кейип эскербеңиз. Өзгөчө анын келечегине кедергеси боюнча сөз козгобоңуз. Балаңыз кабылган жамандыкты элге айтпаң. Айрыкча, мектепте курдаштары билбей калганы туура. Укук коргоо органдарына кайрылып жатып да, купуялуугун эскертип коюңуз.

3

Баланы колдоо

— Бул мезгилде бала ата-эненин колдоосуна муктаж. Аны жерибеңиз. Ошол эле учурда чоң көйгөй катары көрсөтүүгө да аракет кылбаңыз. Балага сүйүү, мээрим, убакыт жана колдоо керек.

4

Адистердин жардамына кайрылыңыз

— Ата-эне менен бала канчалык жакын болсо да, ортодо барьер болушу ыктымал. Сизге айрым жүрөк өйүткөн кооптонууларын айта албашы мүмкүн. Андыктан адистерге кайрылыңыз.

Айрыкча, бала сот процессине катышуусу керек болсо, аны алдын ала даярдоо зарыл. Ал үчүн өзүңүз жашаган жериңиздеги психологдорунун жардамын алыңыз.

Эгер өспүрүм жабыркаса, ал «ишеним телефонуна» чала алат. Психологдор балага өзүндөгү коркуу, басынуу, өзүн-өзү күнөөлөө жана өзүнөн жийиркенүү сезимин жеңүүсүнө жардам берет. Өз учурунда көрсөтүлгөн жардам баланын өзүнө келүүсүнө көмөк болот. Балада болгон окуядан терс таасир жана калдыктар калбасы шарт.

5

Баланы байкоого алуу

— Бала чочун адамдан эмес, мектепте, бала бакчада, өз жакындарынын зомбулугуна дагы кабылышы мүмкүн. Балага кол салган адам коркутуп койгондуктан, ал жашырып эч нерсе айта албайт. Анын үстүнө бала ага кол салган, күч көрсөткөн адам менен күнүгө кезигишерин билип да жашырып коюушу мүмкүн.

Андыктан, балага байкоо сала жүрүңүз. Эгер анын жүрүм турумунда өзгөрүү байкалса, айлана-чөйрөсүнөн кабар алыңыз. Бала ачуулуу, башкалардан коркуп, тартынып калса, же ичи жөнү жок эле ооруп жатса, ата-эне шектениши керек. Албетте, мындай жүрүм-турумга башка нерселер да себепчи болуп калышы мүмкүн, бирок баары бир деле ата-эне байкоо салып койгону жакшы.

6

Балаңызды коргоңуз

— Балаңыз сизге окуянын четин билдирсе дагы, ага дароо суракка алып, үнүңүздү көтөрүп, «эмне балээге туш болдуң» дегендей түр көрсөтпөңүз. Тескеринче, дароо балаңыз тарапта болуп, аны түшүнүүгө аракет кылыңыз. Балаңыз ар дайым сиздин коргооңузга муктаж экенин биле жүрүңүз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума