02:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөр тоо-кен тармагындагы инвесторлорду чочутат

«Коопсуздук кеңешиндеги тоо-кен тармагынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чечими бул жааттагы ишкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратууга, же толук токтотууга алып келиши мүмкүн», — дейт Эл аралык ишкерлер кеңеши. 

Эл аралык ишкерлер кеңеши тоо-кен тармагындагы ачык жана таза иш жүргүзгөн ишкерлердин ишмердигине кабатыр. Кеңештин директору Аскар Сыдыковдун айтымында, Коопсуздук кеңешинин чечиминде бир топ алгылыктуу жагдайлар бар.

«Биринчи кезекте салык төлөмдөрүн көбөйтүү жөнүндө айтсак болот. Салыктын баардык түрлөрүн көтөрүү сунушталды. Андан тышкары, берилген лизенцияларды кайра карап чыгуу дагы тынчсыздануу жаратат. Ансыз деле бул тармакта текшерүүлөр көп. Себеби, тоо-кен тармагы бизнести текшерүүгө коюлган мораторийге кирген эмес», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү Коопсуздук кеңешинде тоо-кен тармагындагы кырдаал талкууга алынган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бул жааттагы жемкорлук менен күрөшүү үчүн бир топ тапшырмаларды берген.

Эң көп окулган жаңылыктар