09:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыяланып, орун басарлары кызматтан бошотулду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Премьер-министр кыска мөөнөттө топтомдуу иштерди жүргүзүп, коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырды. Алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилиши керек.

Эске салсак, жакында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата негиздүү сын айтылган.

Премьер-министр эскерткендей, Эмил Осмонбетовдун алдында тоо кен өнөр жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган, мамлекеттин, ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.

«Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес. Мен жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну, берилген лицензияларды инвентаризациялоону, иш жүзүндө канча объектте иштер жүргүзүлүп жатканын талдоону, пайдалуу кендерди казып алуунун натыйжалуулугун жана экологиялык жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап чыгууну тапшырганмын. Мисалы, кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткарга алган жоксуңар», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Мындай коррупцияга баткан аткаминерлердин айынан коомдо бийликтин дарегине нааразычылык айтылып жатат. Инвестициялык климат жабыр тартууда. Уруксат кагаздарын берүү процедураларын жана инвесторлор менен иштөөнү өзгөртүү зарыл. Инвесторлорго мамлекеттик мамиле жана мамлекеттик колдоо сакталышы керек. Буга байланыштуу лицензия берүүнүн негизги жоболоруна сынактык жана аукциондук кен байлык объекттерине мамлекеттин милдеттүү үлүшүн караган ченемдер киргизилет. Ийгиликтүү жана натыйжалуу иштерди камсыздоо үчүн ар бир тоо кен ишканасында мамлекеттин үлүшү болушу керек. Бул тоо кен тармагына капитал салган инвесторлор үчүн кепилдик болуп саналат, ошондой эле жергиликтүү калктын инвесторлор менен болгон мамилесин турукташтырат», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума