21:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү ишин жүргүзөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө» чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2019-жылдын 30-январында өткөн.

Кыргызстандын өкмөтү тоо-кен тармагында жана кен иштетүү чөйрөсүндө жылдар бою топтолгон олуттуу көйгөйлөрдү, анын ичинде тоо-кен жаатын өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын өз ара натыйжасыз аракеттенүүсүн чечүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыттары катары көрөт.

Өкмөт Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар