02:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн 182 арыз келип түшкөн

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында тоо-кен байлыктарын иштетүү укугун берчү лицензиялардын саны 2 миң 440ты түздү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын иштетүү комитети билдирди.

Лицензиялардын ичинен 475и алтын, 104ү металл, 326сы көмүр, 58и невть, 1 миң 62си кен эмес байлыктар, 415и сууга берилген. Ресурстарды издөөгө 227, чалгындоого 915, иштетүүгө 1 миң 298 лицензия берилген.

Жыл башынан бери жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн 182 арыз келип түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар