16:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тоо-кен казып алуу өнөр жай тармагында 18 миңден ашуун киши иштейт

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча (сынак жана аукциондорду кошкондо) тоо-кен казып алуу өнөр жай ишканаларынан республикалык жана жергиликтүү бюджетке 10 миллиард 687 миллион сом келип түшкөн. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө тармакта 18 миңден ашуун киши иштейт.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга өскөн. Бул -өндүрүштө баалуу металлдардын 4,4 пайыз, пайдалуу тоо-кен байлыктарын казып алуу 8,1 пайызга өскөнүнө байланыштуу.

Эң көп окулган жаңылыктар