00:26
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Өткөн жылы кен казуучу компаниялар бюджетке 41,7 миллиард сом которушкан

2024-жылы тоо-кен ишканалары бюджетке 41,7 миллиард сом которушкан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттардын 1 миллиард 600 миллион сому Жаратылыш ресурстар министрлиги тарабынан тескөөчү салыктык эмес кирешелер. Калганы салыктык кирешелер болуп саналат.

Жалпысынан учурда пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө 2097 лицензия күчүндө. 2024-жылы 141 лицензия берилсе, анын 15и мамлекеттик компанияларга берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар