Тоо-кен өнөр жайына болгон салык баасын өзгөртүү керек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Мамлекет башчы белгилегендей, айрым өлкөлөрдө тоо-кен өнөр жайынын салыгы 15тен 50 пайызга чейин жетет.
«Биздин өлкөдө салык жүгү орточо 8-10 пайызды түзөт. Төлөбөгөндөр дагы көп. Бааны өзгөртүү керек», -деди Сооронбай Жээнбеков.