07:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кеңеш. Баасы жана талабы балдарга ылайыктуу Бишкектин футболдук мектептери

«Ак шумкар» командасынын Азия чемпионатындагы ийгилигинен кийин ата-энелер арасында кыргыз футболуна ишеним күчөдү. 24.kg агенттиги ата-энелерге көмөк иретинде Бишкек шаарындагы балдар үчүн ыңгайлуу спорт секцияларын тизмектейт.

1

«Дордой»

Албетте эң эле популярдуу клуб — бул «Дордой».

Бул клубдун тренерлери чет жакта даярдыктан өтүшкөн. «Ак шумкардын» капитаны Азамат Байматов кичинекей футболисттерди «Дордойго» үндөп келет. Клуб футбол менен бирге англис тилин да үйрөтүү ыкмасын ишке киргизди.

Клуб акысы: 1500-2500 сом.

2

«Юниор»

«Юниор» — футболдук клубунда акы 3500 сом. Клуб 3-6 жаштагы балдар менен иштейт. Маалыматка караганда, П. Лесгафт атынданы Физкультура, спорт жана саламаттык университетинин кызматкерлери иштеп чыккан ыкма менен үйрөтөт. Чет жактагы мелдештерге дагы катышып турушат.

3

«Бишкек»

«Бишкек» футбол мектеби «Сапат» билим берүү мекемесине таандык. Ал «Сапаттын» башталгыч мектептеринин жана башка балдарды дагы кабыл алат. Жумасына үч жолу сабак, эс алуу күндөрү турнирлер өтүп турат. Мыкты топтор чет жактагы мелдештерге катыша алат. Баасы 2000 сом.

4

«Sun City»

Футболдук клубу да бар. Акысы 2000 сомдун тегерегинде. Ар бир топто 5-6 бала болот. Кээде тренерлер өзүнчө машыгуу дагы өткөрүп турат.

5

«Топ тоголок»

Бул футболдук академияда дагы бир катар мыкты тренерлер бар. Балдарды жаштайынан тарбиялайт. Бишкек шаарынын бир нече районунда бөлүмдөрү бар.

6

«Алга Бишкек»

Кыргызстандын тарыхый футболдук клубу. 5-8 жана 8-12 жаштагы балдарды кабыл алат. Футболдук клубдун тренерлери «Дельфин» бассейнине жүрүштөрдү уюштуруп турат.

7

«Академия футбола»

«Академия футбола» былтыры ачылды. Мыкты тренерлер топтолуп, таланттуу балдарды чет өлкөгө футболдук мектептерге жөнөтүп турат. Академия англис тилин үйрөтүүгө басым жасайт.

Эң көп окулган жаңылыктар