10:05
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

КСДП Атамбаевдин жоопкерчилиги боюнча билдирүүнү коркутуу катары баалады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо кылмыш ишинин алкагындагы жоопкерчилигин кароо билдирүүсүн КСДП «коркутмай» катары баалады.

Партия экс-президент Алмазбек Атамбаев жана мурдакы премьер-министр Сапар Исаков эч качан мыйзамдарды бузууну талап кылышпагандыгын белгилейт.

«Кыязы тергөө бул жылдар ичинде Кыргызстанда бир гана президенттин аппараты иштеп, парламент жана өкмөт, спикерлер жана премьерлер таптакыр иштебей эле унчукпай мыйзамдарды бузуп гана отурушкан деп эсептейт окшойт. Алмазбек Атамбаевдин иш стилине болсо дайыма адистердин пикирин угуу мүнөздүү болуп келет. Анын аңгемелештери өзүлөрүнүн принципиалдуупозицияларын ачык, так айтып турган учурларда деле дайыма баарына мыйзамга карап гана иш тутууну сунуштаган. Экинчиден, спикер да, премьер-министр да эч качан президентке, анын аппаратына андан бетер, баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктар да жетишерлик болгон», — дейт КСДП.

Эң көп окулган жаңылыктар