11:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кеңеш. Балага үйрөтүүчү коопсуздук чаралары

Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эч ким кырсыкка же жаман окуяларга туш болуп калуудан кепилденген коргоого ээ эмес. Бирок, сактык чараларын колдонуу менен ар кандай ыңгайсыз абалдардын алдын алууга болот. Айрыкча балдарга коопсуздук эрежелерин үйрөтүп коюу ашыктык кылбайт.

Элдик үй-бүлөлүк медициналык клиникасынын психологу Сейил Калдыбаева жана үй-бүлөлүк кеңешчи Айсаада Иманканова 24.kg агенттигине балага керектүү сактык чараларын сактоону үйрөтүү тууралуу кеңештерди беришти.

1

Айланага көз чаптырып, чоочун кишилерден алыс бол

Балдарга үйгө кирер алдында, ачкычты алдын ала даярдап коюуну эскертип туруу керек. Болбосо бала үйдүн жанына келип сумкасын аңтарып, ачкычты табуу үчүн сыртта кармалып калышы мүмкүн. Бул сыртынан акмалап жүргөн кишиге оңой кылтак болуп калышы толук ыктымал.

2

Лифтке чоочун киши менен бирге түшпө

Балдар үйүнүн жанына же подъездге келгенде жанында эч ким жок экендигин текшерип, лифтке чоочун киши менен бирге түшпөшү керек. Эгер бирөө түшүп калса, анда акырын чыгып кетүүнү биле жүрүшү абзел.


3

Аял кишилердин жанында бас

Кечкиге калып калса, анда тез-тез басып, коркконун билдирбөөгө аракет кылуу керек. Мындайда аялдардын же улгайган кишилердин жанына басуу сунушталат. Эгер шектүү адам артынан келе жатса, анда жолдун башка жагына өтүү керек. Караңгы, ээн жактардан качууну эскертиңиз.


4

Ээн жалгыз калба, чоочун унаага отурба

Кинозалдарда башкаларга жакын отуруу, ээн жалгыз калбоо керек. Ошондой эле маршрутка, автобустардан түшөөрдө кийинки аялдама сеники экендигин билдирбегенге аракет кылууну; бирөөлөр жеткирип коюуну, бир жерди көрсөтүп берүүсүн суранса, качууну, унаага отурбоону эскертиңиз.


5

Чоочун кишинин колунан эч нерсе алба

Чочун кишинин колунан тамак-аш, таттууларды албасын. Эгер ал адам айланчыктап, баланын жанынан кетпей койсо, өтүп бара жаткан чоңдорго: «бул киши менден бир нерсе сурап жатат, мен аны түшүнгөн жокмун, сиз жардам берип коюңузчу», — деп кайрылышы зарыл.


6

Адашып калганда аялдарга кайрылуу

Эгер адашып калса, жолду таап баруу үчүн суроо менен аялдарга кайрылуу керек. Айрыкча жашы ортолоп калган, же улуу эжелерге кайрылуу сунушталат. Бирок, бара жаткан дарегин так айтпоону билиши зарыл.


7

Каршылык көрсөткөндү үйрөн

Чоңоюп калган өспүрүм кыздар, аларга бирөөнүн сылап-сыйпалоосу жакса деле «жок» деп айтканды билиши керек. Бул аларды ар кандай кол салуунун курмандыгы болуп калуудан сактайт.


Эң көп окулган жаңылыктар