02:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мекендештер. Түркиядагы мигранттардын «Айболити» Гүлайым Батырбекова

Гүлайым Батырбекова 2012-жылы Таластагы кыргыз-түрк кыздар лицейин аяктагандан кийин, Түркиянын акысыз билим берүүчү программасы аркылуу Анкара шаарындагы Хаджеттепе университетине тапшырган. Аталган окуу жайдын стоматология факультетинде 5 жыл окуп, учурда протездөө бөлүмүндө ординатурасын улантууда. 

Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды

Жакында эле мекендешибиз окуусун улантуу менен бирге өз адистиги боюнча ишти алып кетүүнү эп көрдү. Буга кыргызстандыктардын суранычы себеп болгон.

— Өзүңүз ординатурада окуп жатсаңыз дагы мекендештерге жардам берүү максатында иштеп баштаптырсыз. Сизге кайрылгандардын саны көппү?

— Мен билим алган Хаджеттепе университетинин өзүнө тиешелүү ооруканасы бар. Түркиянын жогорку окуу жайларынын дээрлик көпчүлүгүндө өздөрүнө караштуу ооруканалары болот. Бул өз кезегинде медицина тармагында билим алган студенттерге чоң тажрыйба топтоого өбөлгө түзөт. Мен дагы айрым студенттердей эле университеттин клиникасында 4-курстан тарта күнүнө 4 сааттан бейтаптарды кабыл ала баштагам. 

Буга чейин менден кыргызстандык тааныштарым, досторум «бейтаптарды кабыл аласыңбы?» деп көп кайрылышкан. Бирок, мен окуган университетте болсо камсыздандырылган жарандарды гана кабыл алгандыктан тааныштарымды тейлей албай жүргөнмүн. Аларга медициналык жардам көрсөтүүгө шартым жок болчу.

Жакында оюмду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралып, жеке клиникага ишке орноштум. Мага биринчи күнү эле бир топ мекендешим келди.

Социалдык тармактарга жарыялап, телефон номурумду жазган элем, кайрылгандар көп болуп жатат.

Негизи Түркияда бейтаптар ооруканага баруу үчүн алдын ала электрондук кезекке турушат. Кезегин жумалап күтүп калган учурлар да болот. Бул убактысы аз болгон чет элдик жарандар үчүн ыңгайсыз. 

Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды

— Кайсы тармактагы тиш доктурсуз? 

— Мен ортопедия бөлүмүндө иштегендиктен, университеттин клиникасында протез жасатам деп келгендерди гана кабыл алам. Ал эми жеке клиникада болсо пломба койдурам, же тиш жулдурам дегендерге дагы жардам берип жүрөм.

Буга чейин деле Түркияда медицина тармагында эмгектенген кыргызстандыктар бар деп укканмын. Айрыкча акыркы жылдары ординатурада окууга келгендер көбөйдү. Аны менен бирге башка тармакта иштеген кыргыз мигранттар дагы көбөйүп жатпайбы.

Өзүбүздүн мекендештерге толук кандуу жардам бере албасак дагы жакшы кеп-кеңешибиз дагы керек деп ойлойм.

— Иштөө шарттары тууралуу айтып берсеңиз?

— Бул жакта иштөө шарттары жакшы. Сапаттуу кызмат жана тейлөө көрсөтүү үчүн сапаттуу гана материалдарды колдонгонго туура келет. Биздин кесипте баардык нерсе акчага байланыштуу. Анткени жасалган иштин 60 пайызы сенин билимиңе байланыштуу болсо, калганы колдонулган материал, жабдыктардан көз каранды. Эл сапаттуу дарыланууга көңүл буруп калды. 

Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды

— Студент кезде каражат жагынан кыйынчылыктар болдубу?

— 2012-жылы мектепти аяктаганда бюджеттик негизде окууга өтүү гана максатым болгон, эгерде Түркияга бюджетке өтө албай калсам мында келбейт элем, Түркиядан «өттү» деген жооп келгиче Кыргызстандагы Кыргыз-Орус Славян университетинде стоматология факультетинде окуп жаткам. Буйрук болуп Түркиянын мыкты деген окуу жайына акысыз билим алуу үчүн чакырык болду. Кыйынчылыктар деле болгон жок, анткени окуу жай мага стипендия төлөп берет. Түрк тилдүү мектепти аяктагандыктан тилден деле көп кыйналган жокмун. Бирок, кесибиме байланыштуу көп китеп окуганга туура келди.

Бул жакта окуу менен бирге практика да өтөйсүң. Мына ушунусу менен Кыргызстандын билим берүү системасынан айырмаланат.

Биздин кесипте эң башкысы билим жана тажрыйба. Колдорубуз жакшы иштеп, дасыккан болушубуз керек. 
Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды
Фото Гүлайым Батырбекованын жеке архивинен алынды

— Кыргызстанга кайтып баруу планыңызда барбы?

— Азырынча Кыргызстанга кайтып барам деген пландарым бар, калганын убакыт аныктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар