09:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Global Finance: Тажикстан менен Казакстан — Борбор Азиядагы эң коопсуз өлкөлөр

Эл аралык Global Finance уюмунун жаңы рейтингине ылайык, Казакстан менен Тажикстан Борбор Азиядагы эң коопсуз өлкөлөр.

Рейтингде Казакстан орточо 9,5 упай менен 44-орунга, Тажикстан 10,48 упай менен 68-орунга жайгашкан.

Global Finance былтыр июлдун аягында Хатлон облусунда теракт болгонуна карабастан, Тажикстанды Борбор Азиядагы коопсузураак өлкөлөрдүн катарына кошкон. Анда автоунаа жол жээгинде бараткан чет өлкөлүк туристтерди тебелетип кеткен. Андан соң унаадагы кишилер туристтерге бычактар менен кол салышкан. Жыйынтыгында төрт чет өлкөлүк жаран каза болуп, экөөсү оор жаракаттарды алышкан.

Уюмдун Азия жана Европа бөлүмүн жетектеген кызматкери Ричард Шолдз өлкөлөрдүн коопсуздук деңгээлин аныктоодо «согуш жана тынчтык», «жарандардын жеке коопсуздугу» жана «жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктери» эске алынганын билдирди. «Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде жалпы индекс түзүлөт. Ал канчалык төмөн болсо, коопсуздук ошончолук жогору болот», — деди Ричард Шолдз.

Рейтингде дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө катары Исландия, эң кооптуу өлкөлөр деп Йемен менен Филиппин аталган.

Эң көп окулган жаңылыктар