00:45
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЕӨАК жыйыны. Мухаммедкалый Абылгазиев эртең Алматы шаарына барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралда Алматы шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары ЕӨАК кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар