Шаардын дарыканаларында «Варфарин» сатыкка чыкпай жатат. Бул тууралуу Facebook баракчасына Валерий Ильин жазган.
«Варфарин дарыканларда сатылбай жатат. Ар бир айда кайсы бир дары-дармек сатыкта жок болот. Же бул дарыканалар арасындагы мафиябы? Аталган дарыга окшош башка дарыны кымбат сатып алсын дегениби?», -деп суроо салган ал.
Социалдык түйүндүн колдонуучулары аталган дарыны Казакстандан тапшырык аркылуу алдырып жаткандарын жазышкан.
«Варфарин» тромбдордун пайда болушун алдын алат.