12:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Башкы машыктыруучу Александр Крестининге өкмөттүк сыйлык ыйгаруу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге өкмөттүк сыйлык ыйгарууну сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов билдирди. 

Депутат Бишкектин сыртынан атайын жаңы футбол талаасын куруу үчүн жер бөлүп берүүнү сунуш кылды. Айтымында, объекттин курулушу ички жана сырткы инвесторлордун каражаттарынын эсебинен болушу керек.

«Футболду өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн футболчуларды колдошубуз керек, мисалы футбол академиясын салыктан бошотуу зарыл», -деди ал.

Эске салсак, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенине кайтып келди. Жергиликтүү команда алгачкы жолу тарыхта континенттик чемпионатка катышты. Топтук этапта команда Кытай жана Түштүк Кореянын курамасына жеңилип, Филиппиндердин командасын утуп алган. 1/8 финалында Кыргызстандыктар БАЭ комадасы менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби