07:42
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенине кайтып келди

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенине кайтып келди. Жергиликтүү команда алгачкы жолу тарыхта континенттик чемпионатка катышты. Топтук этапта команда Кытай жана Түштүк Кореянын курамасына жеңилип, Филиппиндердин командасын утуп алган. 

1/8 финалында Кыргызстандыктар БАЭ командасы менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Кыргызстан курама командасынын оюнуна күбө болгон мекендештер футболчулардын мыкты ойногонун айтышып, чет элдик күйөрмандардын да алкышына татыды.

Бүгүн таңкы 5те курама команда Араб Эмиратынан «Манас» аба майданына учуп келип конду. Аларды күйөрмандары менен аткаминерлер тосуп алышты.

Саат 15:00дө Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган концерт уюштурулмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар