04:26
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Өкмөт унаалардын айнектерин караңгылатуу боюнча так позициясын билдириши керек

Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Дастан Бекешев өкмөттөн унаалардын айнектерин караңгылатуу боюнча так позициясын билдирүүнү суранды.

Анын айтымында, айнектерди караңгылатууну жасай турган мүмкүнчүлүктү жеке ишкерлерге берүү сунушу бар. Буга байланыштуу бюджетке кошумча каражат түшүүсү күтүлүүдө.

«Министрлер кабинети ойлонуп чыгышы керек, каражат бюджетке түшүп, ал акчага жок дегенде футбол талааларын куруш керек. Өкмөт так позициясын билдирсин. Эгерде макул болсоңуздар, биз кесиптештер менен мыйзамдолбоорду демилгелегенге даярбыз. Бирок, жаңы футбол талаасы үчүн биз сөзсүз түрдө каражат табышыбыз керек. Учурда дүйнөгө спорттук жетишкендиктерибиз менен жана маданиятыбыз менен таанылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, спорт жана маданият ишмерлерин моралдык жактан гана колдоп койбой, материалдык жактан да колдош үчүн буга бир топ каражат керектелет», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар