14:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн саат 15:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында — 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар