02:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов дагы бир кылмышка шектелүүдө

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов дагы бир кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-январда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы «ТНК «Дастан» ААК тарабынан «Пансионат «Солнечный берег» ААКнын 100 пайыздык пакет акциясын төмөдөтүлгөн баада сатуу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Албек Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2-пункттары боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүү тапшырылган.

"Президенттик аппарат башчысынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен «ТНК «Дастан» ААК «Пансионат «Солнечный берег» ААКнын 100 пайыз акциясын ылдыйлатылган баада сатып, жыйынтыгында «ТНК «Дастан» ААК 82 750 556 сом өлчөмүндө чыгым келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

«ТНК «Дастан» ААКнын 98 пайызы мамлекетке тиешелүү.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Пансионат «Солнечный берег» ААК 100 пайыз акциясынын ээси келтирилген 82 750 556 сом өлчөмүндөгү чыгымды толугу менен мамлекеттин эсебине которуп берди.

Эске салсак, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар