20:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун кароодо

Парламент чет өлкөлүк мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу мыйзамсыз миграцияга каршы Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлүк жарандар үчүн иштөөгө уруксат берүүнүн баасы 2 миң сомду түзсө, жаңы мыйзам долбоорунда ал 30 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Мындан тышкары Токтоболотов документте ишканалардагы чет өлкөлүк жумушчулардын саны жалпы кызматкерлердин 20 пайызынан ашпашы керек деген норма бар экенин белгиледи. 

Декабрда активисттер Кытайдан келген мигранттарга каршы бир нече акция өткөрүп, аларды депортация кылууну талап кылышкан. «Кырк чоро» кыймылынын мүчөлөрү бийлик тараптан эч кандай реакция болбосо, бул иш менен алар өзүлөрү алектенүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Мындан тышкар социалдык түйүндөрдө Кытайдан келген мыйзамсыз миграция агымын токтотууга чакырган тексттик жана видео түрүндөгү билдирүүлөр жарыяланууда. ИИМ чагым салуу жана улут аралык кастыкты козутуу үчүн кылмыш жоокерчилиги каралганын эскерткен расмий билдирүү тараткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусу маалында Кытай менен алака-катышты бузгусу келген ички күчтөр кимдер экенин биле турганын айтып, бирок алардын ысымдарын ачыкка чыгарган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар