Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында телефон чубалгысын уурдаган 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалым болгондой, 12-январда «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына арыз түшүп, 11-январдан 12-январга караган түнү Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринен белгисиз киши тарабынан жалпы 80 метрлик телефон чубалгысы (100×2) уурдалганы билдирилген.
Келтирилген чыгым 20 миӊ сомду түзгөн.
Окуя болгон жерге Токмок ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, шектүү катары мурда соттолгон 38 жаштагы Г.Н. аттуу жаранды кармашкан.

