11:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте уникалдуу сүрөттөрдүн көргөзмөсүнүн ачылышы болот

Бүгүн Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америкалык университетте жыл сайын өтүүчү уникалдуу сүрөттөрдүн World Press Photo 2018 көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине көргөзмөнүн уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада өткөн жылдын маанилүү окуялары тууралуу мыкты фотосүрөттөр коюлат.

Калыстар тобу буга чейин 125 мамлекеттин 4500 фотосүрөтчүлөрүнөн келген 73 миң сүрөттү карап чыкан. Жыйынтыгында 42 киши жеңүүчү деп табылган. Дүйнө жүзүнүн журналисттеринин мыкты фотолорун шаардыктар 24-январга чейин көрө алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар