Бишкек шаарынын мэриясы түкүрүк үчүн кантип айыпка чыгуу жолдорун иштеп чыга элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кааланын вице-мэри Рыспек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, 1-январдан тарта күчүнө кирген Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесин ишке ашыруунун жол-жобосу каралууда.
«Азыр кантип айып пул саларыбызды билбейбиз. Жолдорун иштеп чыгып жатабыз», — деди ал.
Белгилей кетсек, аталган берене боюнча «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

