16:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кубанычбек Кулматовго карата акыркы айып. Ал 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго карата акыркы айып тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, мурунку мэрге жемкорлук, анын ичинен Кылмыш кодексинин 2-беренесинин бөлүгү боюнча кылмыштуу түрдө сүйлөшүп алуу боюнча айып тагылууда. Бул беренеде 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Сергей Слесаревдун айтымында, иш материалдары менен таанышуу процедуралары башталды. Кийин аны Башкы прокуратурага, андан соң сотко өткөрөт. Юрист УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан басым жана кысым болгондугун айтып, күнөө мыйзамсыз тагылды деп эсептейт.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кубанычбек Кулматов шаар башчысы болуп турганда 2 мектептин курулушуна делген 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган.

Эң көп окулган жаңылыктар