20:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кубанычбек Кулматов 20-ноябрга чейин тергөө абагында калтырылды

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Cот анын камакта калуу мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, мурунку мэр 20-ноябрга чейин тергөө абагында калтырылды.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылууда. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталып жатат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар