20:07
USD 84.79
EUR 98.42
RUB 1.22

Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ боюнча кызматты кымбат сатып алган

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамдын бузулушу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдарынын жыйынында Башкы прокуратуранын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын башчысы Гүлнара Акимбаева билдирди.

Айтымында, кылмыш иши «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албай келишим түзүү» беренелери боюнча козголду.

«2014-жылы Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ алып жаткан тубаса бөйрөк оорулуу бейтаптарга жардам берүү үчүн сынак жарыялаган. Анда 5 миллион 500 миң 133 сомго контракт түзүлгөн. Андан кийин тендерсиз дагы бир 813 миң 744 долларлык контракт түзүшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кызматты курс боюнча 75 сомдон сатып алган, ал кезде доллардын курсу 58 сом болгон. Жыйынтыгында келтирилген чыгым 75 миллион 972 миң 966 сомду түздү», -деди Гүлнара Акимбаева.

Эң көп окулган жаңылыктар