03:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орус драма театрынын имаратын ижарага алгандар мамлекетке 18 миллион сом карыз

Орус драма театрынын имаратын ижарага алгандар мамлекетке 18 миллион сом карыз. Бул тууралуу Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда, театрдын директору Евгений Кузнецов билдирди.

Айтымында, Орус драма театрынын аймагында объекттердин курулушу 2010-2011-жылдары мурунку директор Борис Воробьевдун жеке чечиминин негизинде курулуп баштаган. Театр менен «театралдык бирикме» коомдук фонд ортосунда жана Германиянын бир жараны менен 3 тараптуу макулдашууга кол коюлган. Анын негизинде иш алып барышкан.

«Борис Воробьев ижара акысын бир чарчы метрге 10 доллардан деп аныктаган. Көйгөйдү чечүү үчүн театрдын мурунку директору Александр Кулинский 2016-жылы кайрылуу макулдашуу түзгөн, ага ылайык ижарага алгандар 2013-жылдан берки карыздарын гана төлөшмөк. Ошентсе да алар бөлүп төлөп жатышат, бирок баары бир ири суммадагы акча карыз», -деди Евгений Кузнецов.

Театр ушул жылдын 12-декабрында гана театрдын имаратына жана аймагына тиешелүү юридикалык документке ээ болду. Директордун айтымында, жетекчилик мыйзамсыз курулуштарды иликтеп баштаганда театрдын, ижарага алуучулардын эч кандай документи жок экендиги аныкталган.

«Архивдеги справкаларды таптык, эми бизде техпаспорт бар. Анда менчик ээси мамлекет, ал эми менчикти театр башкарат деп жазылган», -деди Евгений Кузнецов.

Эң көп окулган жаңылыктар