03:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Башкы штабдын кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын коменданттык кызматынын бөлүм башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрда бөлүм башчынын орун басары 18 миң сом пара алып жатканда кармалды.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар