00:25
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Бишкекте унаалардын ичинен буюмдарды уурдап жүргөн делип 3 бала кармалды

Бишкекте унаалардын ичинен буюмдарды уурдап жүргөн делип 3 бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга кичи райондордун биринин тургуну арызданган. Ал белгисиз бирөөлөр унаасынын айнегин талкалап салондон 12 миң сомун жана документтерин уурдап кеткенин айткан.

Ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында 23, 27 жана 18 жаштагы балдар кармалды. Аларды текшерүү маалында жанынан 3 телефон, тапанча табылган.

Кармалган балдар 10дон ашык унааны тоношкондугу аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар