USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Жемкорлук менен күрөштөн түшкөн акчанын эсеби 13 миллион сомго толукталды

14:14, 07 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратура жемкорлук менен күрөштөн түшкөн акчанын эсебин 13 миллион 119 миң 876 сомго толуктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура 13 миллион 119 миң 876 сомду атайын эсепке которгон.

Жалпы аманаттык эсепте учурда 316 миллион 34 миң 900 сом бар.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика