05:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жемкорлук менен күрөштөн атайын эсеп дагы 10 миллион сомго толукталды

Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 10 миллион 792 миң 192 сом акча которду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Маалым болгондой, муну менен бирдиктүү депозиттик эсепке Башкы прокуратура которгон акчанын жалпы суммасы 326 миллион 827 миң 093 сомду түздү.

Ушул жылдын 22-июнунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар