15:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жемкорлуктан түшкөн 800 миллион сом Чүй, Бишкек жана Оштун мектептерине бөлүндү

Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 миллионн сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен берилди.

Биринчи траншы 15 миллион сомду түзөт.

Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Бишкек шаарында: № 12-мектеп-гимназия, № 69-комплекс-гимназия, № 54-орто мектеп, № 18-орто мектеп, № 59-орто мектеп, № 72-мектеп-гимназия, № 16-орто мектеп.

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү-Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаарында: № 7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталат.

Эске салсак, Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума