07:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

9 ай ичинде өлкөдө 333 коррупциялык кылмыштар аныкталды

Ушул жылдын 9 ай ичинде өлкөдө 333 коррупциялык кылмыштар аныкталды. Анда келтирилген чыгым 423,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу кылмыштардын саны 70ке, ал эми чыгашанын көлөмү 223,7 миллион сомго өскөн. Кылмыш иши козголгондон кийин бюджетке 154,3 миллион сом кайтарылган.

Мындан сырткары мамлекеттик сатып алууларга байланышкан бюджеттик каражаттан уурдалган 95 факты катталды. Ага карата 91 кылмыш иши козголуп, бюджетке 18,1 миллион сом кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар