17:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалар мектеп курууга жумшалат

Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышып жатканда айтты. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы борбор шаардагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрдү, окуучулар менен маектешти. Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр — мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей турганын айтышты.

Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө көп болуп жатканын белгиледи.

«Бул маселе менин көңүл борборумда. Мэрия менен Билим берүү жана илим министрлигине мектептер боюнча талдоо жүргүзүү тапшырмасы берилген. Анализ жасалды. Кайсы райондо мектеп жетишсиз болсо, ал жерлерде жаңы мектеп курулат. Окуучулардын саны ашыкча болуп жаткан мектептерге кошумча имарат курулат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума