14:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК жемкорлук менен күрөштөн түшкөн 11 миллион сомду атайын эсепке которду

УКМК жемкорлук менен күрөштөн түшкөн 11 миллион сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Акча Финансы министирлигинин бирдиктүү депозиттик эсебине түштү.

Белгилей кетсек, өкмөт жемкорлук менен күрөшүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик казынага кайтарыла турган каражаттар үчүн атайын эсеп ачкан. Ага Башкы прокуратура, УКМК, Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы жемкорлук беренеси менен ачылган иштердин алкагында төлөнгөн акчаларды которот.

УКМК жалпысынан эсепке 283 миллион 535 миң 391 сом өткөрдү.

Атайын эсептеги каражат мектептерди оңдоого жана жаңы имараттарды курууга жумшалат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби