07:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысык-Көлдө катуу шамал мектептин 40 даана шиферин учурду

Ысык-Көл облусундагы Түп районунда катуу шамалдын кесепетинен турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак. 1-декабрда аталган аймакта ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Михайловка айылындагы Шевченко атындагы орто мектебинин 40 даана шиферин, Ысык-Көл айылында 4 турак үйдүн 144 чарчы метр чатырын жана клубдун 16 чарчы метр чатырын шамал учурган.

Мындан сырткары Михайловка, Ысык-Көл, Тогуз-Булак, Ой-Булак айылдарында электр чубалгылары үзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар