04:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ӨКМ: Чоң-Алайдагы үйлөрдүн чатырларын шамал учуруп кетти

Кечээ Кашка-Суу жана Чоң-Алай айылдык аймактарында ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Кабак айылындагы Маданият үйүнүн, орто мектептин жана 3 турак үйдүн чатырларын шамал учуруп кетти. Ошондой эле Кабык, Ачык-Суу, Кашка-Суу, Жаш-Тилек, Дароот-Коргон айылдарындагы үйлөрдүн чатырлары жабыркады.

Жабыркаган жарандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума