17:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мэр тез арада катуу шамалдын кесепеттерин жоюу тапшырмасын берди

Мэр Айбек Джунушалиев райондордун акимдери жана кызматтардын жетекчилери менен катуу шамалдан жабыркаган объектилерди жана аймактарды кыдырды. Бул тууралуу
муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык кызматтарга кесепеттерди эртең мененкиге чейин тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

  • Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун штаттык режимде иштешин камсыздоо милдети тапшырылды.
  • «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына тез аранын ичинде бардык үзүлгөн зымдарды калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.
  • «Бишкекжашылкурулуш» ишканасы таң аткыча борбор калаанын жолдорундагы бардык кулаган бак-дарактарды жана бутактарды тазалайт.
  • «Тазалык» ишканасын катуу шамалдан кийин тазалоо талап кылынган аймактардагы көчөлөрдү жууп, санитардык тазалоо иштерин жүргүзөт. Мындан тышкары, контейнердик аянттардагы бардык таштандыларды чыгаруу милдети коюлду.

Ошондой эле социалдык объектилердин чатырларынын учурулушунун себебин аныктоо тапшырмасы берилди. Мурда чатырлары оңдолгон бардык объектилерге талдоо жүргүзүлөт.



Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиевдин буйругу менен борбор калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар