17:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт башчы Таластагы чек арачылар үчүн салынып жаткан турак-жай менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы № 2029-аскердик бөлүгүнүн жеке курамы үчүн көп батирлүү турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Өкмөт башчыга 24 батирлүү турак-жайдын курулушу 2016-жылы башталгандыгы тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш учурундагы айрым кемчиликтерди көрсөтүп, аларды толук четтетүүнү талап кылды. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу камсыздоону жана жанаша аймагын көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар