18:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда, жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.

Анын ичинде Премьер-министр Бакай-Ата районундагы «Нур» көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.

Эң көп окулган жаңылыктар