13:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет өлкөлүктөрдү чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жүргөндөр кармалды

Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен төрт пакистандык жана бир кыргызстандык кармалган. Мындан тышкары, өлкөгө Пакистандын үч жаранын турист катары киргизген мыйзамсыз миграциялык каналдын кошумча катышуучулары аныкталып, алар да камакка алынган.

Уюштуруучулар Пакистандын жарандарын Казакстанга өткөрүү үчүн 1,7 миң долларга чейин алышкан.

Чет өлкөлүк үч адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде, ал эми мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга 168-берене (мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистандын жети жараны 2 айга тергөө абагына киргизилди.

Учурда мыйзамсыз миграциянын бул туруктуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар