17:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда транспорт каражаттарынын топтолуусу катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Саат 13: 00гө карата «Ак-Тилек» бекетинде чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 510 жүк ташуучу унаа турат.

 Өткөн сутка ичинде чек арадан 555 машина өткөн. Алардын ичинен Кыргызстандан Казакстанга 273 унаа, Кыргызстанга 282 машине кирген.

«Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат», — деп билдиришти мекемеден.

Чек арада унаалардын топтолушунун себеби жүк агымынын көбөйүшү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар